Адамдардын жашоосуна карасам, алар бири-бирин дос тутуп жашашып, бирок көз жумуп кабырга барганда жалгыз калтырып кайта беришет экен. Ошондуктан мен сообу көп амалдарды өзүмө жолдош кылдым, анткени мага кабырда жолдош болчу нерсе ибадаттарым гана экендигин түшүндүм."Ал эми Раббисинин алдында туруудан коркуп, көңүлү калаган нерселерден өзүн тыйган адамдын, бара турган жери - албетте бейиш болот"-деген аятты окугандан кийин эркиме ээлик кылып, напсимдин каалоосуна каршы туруп, Аллага мурдагыдан да көбүрөөк ибадат кыла баштадым. Адамдарды карап турсам, бардык эле адам колунда бар баалуу нерсени сактап калып, жоготпогонго аракет кылышат экен.Бирок, "Силердин алдыңардагы нерсе түгөнөт, ал эми Алла Тааланын алдындагы (нерселер) түбөлүк" - деген аятты окугандан кийин колума баалуу нерсе түшүп калса анын сообун толугу менен кайтарып берүүчү Алланын ыраазылыгы үчүн садака кыла баштадым. Адамдардын жашоосуна карап турсам алардын бардыгы байлыгы, ата-теги менен сыймыктанып, мансабы менен мактанышат экен.Андан кийин: "Алланын астында эң сыйлууңар - такыбарагыңар (Алладан көбүрөөк коркуучуңар)" - деген аятты окуп калдым да, Алланын алдындагы эң такыба адамдардын катарына кошулуу үчүн такыба боло баштадым. Адамдардын жашоосу кызгануу, көрө албастык жана жек көрүү сыяктуу жаман адаттарга толо экен. Алардын арасында байып бараткан адамга көрө албастык кылып, кызганып жашагандары да бар тура.Андан кийин "Биз алардын дүйнө тиричилигиндеги ырыскысын, алардын араларына Биз бөлүштүрдүк" - деген аятты окугандан кийин ырыскыны бөлүштүрүүчү Алла Таала экендигин билдим жана өзүмдөгү кызгануу, көрө албастык кылуу деген ооруну таштадым.
Автор: Абдишүкүр Нарматов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев