Таң өзгөрбөйт, бирок күн сайын аткан таң, биздин жүрөгүбүздүн, жан-дүйнөбүздүн тынчтыгына жараша өзгөрүүсү толук ыктымал. Андыктан Аллага болгон ишенимиңди бекемде! Ошондо кечеги аткан таңыңа караганда бүгүнкүсү, бүгүнкү аткан таңыңа караганда эртеңкиси жакшыраак болот.Харут жана Марут: Бул эки периштенин аты. Бул периштелер сыйкырдын акыйкатын баяндап берүүчү периштелер. Бирок адамдарга сыйкыр кылууну үйрөтпөйт. Тескерисинче сыйкырдын шариятта арам иш экендигин баяндап берет. Дүнүйө Харут жана Марутка караганда чоңураак сыйкырчы. Харут менен Марут эркекти аялынан ажыратса, дүнүйө Алла менен пенденин ортосун ажыратат. (Дүнүйө пендени Аллага ибадат кылуудан алыстат).Эгер ар кандай азгырыктарга азгырылып баратсаң, анда сага акыйкат жолду көрсөтүп берүүчү жалгыз Курани Карим экендигин эсте! Жүрөктүн тынчтык табуусу, бактылуу болгонго караганда чоңураак нерсе, анткени бактылуулук -убактылуу, ал эми тынчтык - түбөлүктүү. Жүрөктүн тынчтыкта болуусунун эң чоң себептеринин бири - Алла Тааланы зикр кылып эстөө. Төмөнкү аят жүрөккө эмне даары болоорун ачыктап берет: "Алланы зикр кылуу менен жүрөктөр тынчтык таппайбы?". Башкача айтканда көңүлдөр ток болуп, жүрөктөр тынчтык табуусу үчүн Алланы эстөө, Ага мактоо айтуу, Андан күнөөлөрдүн кечирилүүсүн сурап истигфар айтуу зарыл. Ошондо гана жүрөктөрдөгү күнөөнүн себебинен пайда болгон кара тактар өчүрүлөт. Байлыкты, бала-бакыраны жана мал-мүлктү гана ырыскы деп түшүнбө! Эң жакшы ырыскы: Жан-дүйнөнүн тынчтыгы, акылдын бүтүндүгү, дененин жана ден-соолуктун чыңдыгы жана ой-пикирдин аруусу, тазасы. Чындыгында жогоруда айтылгандардан да чоңураак ырыскылар бар алар: Жөлөнөр жөлөгүң болгон апанын дубасы, таянар тирегиң болгон атанын ыраазылыгы жана кыйшайсаң түзөгөн, дайыма акыйкатка үндөгөн жакшы достун дайыма жаныңда болуусу.
Автор: Абдишүкүр Нарматов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев