<<Адамдын өмүрү Намаз менен Азандын аралыгынчалык...>> Небереси жүзүнөн нур тамган чоң атасын карап кызыгуу мене суроо узатты:
Чоң ата! Бир адамдын өмүрү канчалык болот?
Чоң атасы жылмайып карап:
Азан менен намаздын аралыгынчалык, уулум, — дейт.
Анда небереси:
Кандайча, өмүр ушунчалык кыскабы? – дейт.
Чоң ата:
Ооба, уулум. Өмүр намассыз азан менен, азансыз намаздын аралыгынчалык, — деп жооп кайтарат.
Небереси кайрадан сурайт:
Намассыз азан менен, азансыз намаз дегенде эмнени айткыңыз келгенин түшүнө албадым, чоң ата. Бул эмне деген айтып бериңизчи?
Ал небересинин колун кармап:
Мындай, уулум. Бир нече күн мурда коңшубуз уулдуу болду. Анын кулагына азан окулду туурабы? Мына ошол азандын н