5- классымды айылдан уланттым. Шаар менен айылдын аралыгы 35 чакырым болсо дагы айырмасы өтө көп.
Билегинде күчү бар, жүрөгүндө жалы бар азаматтар аракка жеңилип беришти. Кой, ай деген жанды табыш кыйын эле ал убакта. Болбосо ошол азаматтарга жол көргөзгөн адам болгондо укмуш болбойт беле. Ителги тийген өрдөктөй сулап, сулап кете беришти кайрандар. Кечээ эле ат үстүндө жапмага улак басып, а түгүл улактын шыйрагын терисинен ажырата бөлүп кеткен, эки колу менен таш көтөргөн өңдүү, улак эңген баатырлар эле го.
Ошентип, кылычы жок, огу жок эле, кытайдын желим бөтөлкөсү кыргызды бир мойсоп өткөн.
Сүт сураса сүт беришкен, үйүнүн морунан түтүн чыккан үйгө бүт келишкен, биримдиктин бакытын жүктөнүшкөн кездерге он эки жашар көзүм күбө.
Чоң атам арабага эки кап буудайды жүктөп, мени кошо отургузуп тегирменге алып барды. Тегирменде эл көп аябай. Кудайга жалынып, көздөрүн жалдыраткан сопудай болуп, буудай алып баргандар тегирменди тиктешет же тегирменчинин көзүн тиктешет. Тегирменчи болсо асманга мойнун созуп, ийиле турчу түрү жок. Калдыр кулдур болуп, жаргылчагы айланган тегирмен,кумурсканын жүрүшүндөй кыбырап арбыбайт деле. Мен бала, зериккенимди сураба. Ошентип бир топ убакытка чейин үнсүз тегирменди тиктеген адамдардын үмүтүн муздак суу каптап, жаргылчакты айланткан шаймандын ремени үзүлүп калды. Андагы томсоргон көздөрдү азыр көрсөм баладай ыйлап жиберсем керек. Чоң атам экөөбүз бош араба менен кайра үйгө келдик. Чоң апам жана башкалар, шаабайы сууган бизди алыстан эле көрүп, чоо жайын билгиси келип күтүп отурган болот. Күндүн ысыгында, топурактан салынган складдын көлөкөлүү бурчундагы, көбүргөн муздак жармадан култулдата жутуп, демибизди басып калчы элек.
Тегирмен кайрадан иштеп баштаганы менен кезек келбейт. Тегирмендегидей күтүү айылыбызда азыркыга чейин күтүү боло элек болсо керек. Акыры кезегиң жетип, түндүн бир оокуму, буудай бөксөрдүбү деп үстүнө чыгып карап, бир ууч буудай калтырбай калап, кудуңдаган боюнча үйгө келчибиз. Ошол күтүүлөр мага нандын даамын үйрөттү.
Чоң атам менен чоң апам саман жыйнап, аны көңкөгө жагып, чоктой кызарган темирдин үстүнө тизилген камырларды жайгаштырып, жел чыгарбай сууланган чүпөрөк менен оозун бүтөп, таш бастырып коюшчу. Биз балдар көңкөнү айланып ойноп, же Нарын суунун жээгинен балык кармап кыдырып ойноп кетер элек. Эгер балык түшүп олжолуу болсок керемет болчу. Кырдагы көңкөгө чоң апабыз келгени нан чыгарар маалдын болгону. Чыбыкка тизилген балыктарды кармап тез эле көңкөгө жетип барчубуз. Балыктын ак курсагын жарып, туздап жетишип, чоң апабыз болсо берекелүү колдору менен нандын бош ордуна балыктарды жайгаштырчы. Көздөрүбүз балыкта болгону менен мурдубуз, акылыбыз чарадагы тизилген нанда. Жыты буркураган нанды көрүп, жытына мас болуп таңдайыбызга чогулган шилекейди бир жутуп алган эңсөөнү, сөз менен айтып бүтө албайм. Ал жыт дүйнөдө жок! Көңкөнүн буралган түтүнү булуттарга жетип, нандын жыты көчө көчөнү аралап тим эле майрам кылып жиберчи.
Ысык нандан кырсылдата, кырсылдата сындырган чоң апамдын колуна таңданчубуз. Нандын ысыгын сезгенбей, оңой эле сындырып берчи. Себеби суукка да ысыкка да бышкан да. А биз тилибиз, таңдайыбыз күйгөнүнө карабай, шаша буша үйлөп нан жеген күндөрүм ай. Ысык нандын ысык буусу. Колубуз да чыдабай, бир алакандан бир алаканга которуп, оозду толтура чайнап, көзүбүздөн жаш чыгып кеткен күндөрүмө кусамын.
Нанга толгон чаранын бир кырын белине, экинчи кырын кол менен кармап алып, чайпалган боюнча чоң апам үйгө жөнөп. А биз болсо калган, каткан нандарды артынан көтөрүп. Самоордун чайы бизди күтүп боркулдап, кепмирээкте кызыл чай шаңкайып, жыгач кашык сүт үстүндө калкып, терезеден түшкөн күндүн ысык нурунун астында баарыбыз чай ичээр элек. Жанагы ысык нанды сары майга малып чай ичкениң андан керемет. Бирок биз кургак нанды бурдап-бурдап жеп эчак эле тоюп алып ал кереметтин кереметине жетпей калчыбыз. Андан соң баягы балык бышып келип бизди ардантат, жакшы эле жейли дейбиз, курсагыбыз кургак нанга толуп калса кантебиз. Алыбыз жетишинче жеп, убайын болсо улуу байке жеңелер көрчү.
Ошол курсактагы кургак нандын кадырын үйрөндүк. Жер айдоо, тырмоо, сугат, эгин чабуу, оруу, жыйуу, буудай тазалоо, ышкырып шамал чакыруу, жамалган каптарды бүтөп салуу, анан тегримен. Ооз менен айтып койуу оңой, татаал түйшүк менен таңдайга жеткен бир үзүм нандын кадырын азыркы муун билүүсү керекпи же кереги жокпу билбейм…
Бул мен үчүн чоң суроо…
Биз жылаңайлак баткак кечип, чыбыктан ат минип, химиясыз жарма, кымыз, бозо ичип, хлорсуз нарын дарыясына жуунуп, жана дагы жамгырда калдык, сүйүүбүздү “Салам кат” деген каттар менен көркөмдөп балалыкты өткөрдүк. Көрсө биз табияттын тарбиясында чоңоюптурбуз. Гаджеттин тарбиясынан кооптономбу же пайдалуу жактары менен кубанамбы? Сиз кандай ойдосуз?
БАЯН АКЫН.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10
, эми озум чон энемин