-2-
Ар дайым мага жакшы кеңешин айтат.
Бул сапар Марал мени түз эле үйүнө келүүмдү суранды. Ушул бир жыл ичинде мени такыр үйүнө чакырган эмес. Биресе таң калсам биресе чочулоо, коркуу сезимдери келип турду. Жолдон шириндик, экөөбүз үчүн кымбат ичимдик алдым. Айткан дарегине барып, төртүнчү кабатка көтөрүлдүм. Сырты териден капталган эшиктин коңгуроосун бастым. Дароо ачты.
- Келдиңби, кир, таң калба..
Ал адатынча бутунун учуна тура калып жүзүмдөн өөп койду.
- Качан гана иши түшкөндө үйүнө чакырды дей көрбө. Эркектин колу керек болуп турат,- деп жылмайды.
- Жуунчу бөлмөнүн чырагы өчүп, лампочкасын алмаштырсам да күйбөй жатат.
- Албетте, келчи көрөйүн. Эч тартынбай айтып тура бер, дедим. Экөөбүз ошол күнү көпкө сүйлөшүп олтурдук. Жумушума да барбадым. Сөзүбүз түгөнөөр эмес. Кадимкидей эс алам, жүрөгүмдөгү кайгы, заматта жоголот. Маралдын жаркылдак ушул кыялы мага бөтөнчө жакчу.
Качан гана кеч кирип коюу караңгы түшкөндө үйгө кайттым. Жолдо келе жатып, апамдардын конок болуп келишин эстеп уяла түштүм.
Коноктор эчак эле келишкен экен. Сыр бербей күндөгү чарчаган кишидей үйгө кирип бардым. Чынара тызылдай кызматын кылып жүргөн экен. Учурашып олтура кеттим. Бир гана апамдын көзүнө тике карай албай олтурдум. Апамдын келинчегим экөөбүздүн мамилебизге жүрөгү толбой жүргөнү белгилүү, мага капа болгондой, эки көзү менде. Күнөөлүү көздөрүмдү сезип турат.
* * * *
Таң кылтаяр менен жумушка камынып, эрте чыгып кетүүгө шаштым. Башым ооругансыйт. Тээ түн жарымга чейин апам экөөбүз сүйлөшүп олтурган элек.
Ар бир кылыгымды мени менен чогуу жанымда жүрүп көргөндөй көзүмө сайып айтты.
"Эсиңе түй уулум. Бардык нерсенин чеги болот. Байкашымча Чынар экөөң дагы деле бири- бириңе капа болуп жүрөсүңбү дейм? Айрыкча сен аны ыңгайы келгенде капа кылып турат эмессиңби? Адатыңча кудай алдында күнөөлүү болуп, "кызым жок"- деп кемтик сүйлөгөн чыгарсың? Же эмне? Келинге кол көтөрдүңбү?"
-Апа...
- Токтот уулум. Эсиңдин барында этегиңди жый деп коёт, сага эмнелер болуп жүргөнүн түшүнбөй жүрөм. Бирок туура мес иш кылып жатканыңды туюп келем.
Мына ушундай көрүнүш. Эне жүрөгү баарын туят. Бул биринчи жолу эмес.
Адам баласынын оюна эмне туура келсе, ошол каалоосу эч нерсеге карабай жеңет, мындай сөздөр кулак сыртынан өтөт. Мен Марал менен жолукканымды токтото алган жокмун. Тескерисинче мамилебиз мурдагыдан дагы жакшырып кетти. Үйүнө бат- бат барып, эркектин колу билген жумуштарына жардам берүүгө өттүм. Буга чейин арабызда бир нерсе аралыкты сактап турчу болсо, азыр жубайлардай эле мамилебиз күч алды.
Келинчегиме сыр алдырган жокмун, эртеби кечпи бул мамиленин акыры бар деп ойлоп жүрдүм. Бирок, Маралга мынчалык катуу байланып калуума дагы бир нерсе себеп болуп чыга келди.
Күз айы болчу. Чынаранын капыстан боюна бүтүп, көп өтпөй бала түшүп калды. Эмнеси болсо да кудайым берген бала, төрөп алам, балким кыз болуп калар деп кубанып жүргөн. Кубанычын таш каап, бала түшкөн соң көп кан жоготуп ооруканага жатып калды.
Балдарым жаш, аларды кароого апамды жардамга чакырдым, өзүм жумушумдан бошой албай койдум. Ошондой күндөрдүн биринде....
- Алло, Алибек, сага жолуксамбы дедим эле? Кайдасың? Өтө жакшы жаңылыгым бар. Марал коңгуроо кылып калды. Үнү дирилдеп толкунданып алган.
- Тынччылыкпы? Эмне жаңылык?
- Аны телефондон айтууга болбойт, тез келчи жаным...
- Маралка, сен андан көрө менин жумушумдун жанындагы кафеге келе бер, мен чыгып баратам.
- Жарайт, азыр барып калам, деп телефонду өчүрдү. Көптөн бери кыялындагы жумушу жөнүндө айтып калчу, дароо эле оюма ошол келди. Мага сүйүнчүлөйт го деп ойлоп турдум. Экөөбүз дайыма кезикчү кафеге келип олтурдук. Анын көздөрү биринен өтүп бири жанат.
- Айтчы эмне сүйүнчү? Сага кошулуп мен дагы бир кубанайын...
- Али, батына албай турам, ишенесиңби, мен кош бойлуу экенмин. Карачы кандай керемет. Мен муну он төрт жыл күтпөдүмбү... Марал сөзүн аяктабай туруп менин суз тарткан өңүмдөн чочулап алды.
- Сага эмне болду? Мен үчүн кубанычта эмессиңби? Коркуп кеттиңби, айтчы?
- Маралка, кантип кубанычта болбоюн. Билем, сен көп жылдан бери бала күтөсүң, бирок сен экөөбүздүн мамилени билесиң да, мынчалыкка жол бербешибиз керек эле.
- Убактылуу дегиң барбы? Сен мен ойногон куурчаксың дечи? Мени сүйөм деген сөздөрүң жалган деп айтчы? Көздөрүнөн жаш тегеренип, бир заматта менден көп нерсе талап кылган адамга өзгөрдү.
- Андай деп айтайын деген жокмун, түшүнчү, сен акылдуу аялсың. Үй бүлөм, балдарым бар, баарын жакшы билесиң.
- Билем ооба! Ушунча убакыттан бери сага оюнчук болуп жүргөнүмдү да билем. Коркпо, сенден эч нерсе талап кылбайм. Акмак экениңди билбептирмин. Марал көзүнөн аккан жашын сүртүп, ордунан туруп жөнөдү.
- Токто Марал, сүйлөшөлү! - деп кыйкырып кала бердим. Артынан барганым жок, баары бир пайдасыз экенин билдим. Анын үстүнө эч нерсе деп убада бере албайм. Башым маң, аны абдан жакшы көрөөрүмдү билем, бирок бул деген абдан чоң жоопкерчилик. Оюмду бир жерге топтой албай башым чачырап үйгө араң жетип келдим.
Апамдын алдында күнөөлүү жүзүмдү өзгөртүү дагы да эки эсе кыйындыкка турду. Балдарыма дагы көңүл бурбай , ичимдеги тырмаган ойго баш ийип жүрдүм.
Маралга коңгуроо кылсам албайт, бир ирет үйүнө барсам кулпулануу экен. Ошентип төрт күндөн соң телефон аркылуу кат жазды.
Алибек, жаным. Мени кечир, сенин абалыңды түшүнүп турам. Ишен, сенин үй- бүлөңө кыпындай зыянымды тийгизбейм. Болгону баланы аман эсен төрөп алсам болду. Көктүгүмдү кечир. Сага таарынып кеткен күндөн тартып ыйлай берип, бала козголуп калып доктурлар ооруканага жаткырып коюшту. Дарегимди билбей эле кой. Ооруканадан чыкканда коңгуроо кылам, жолугабыз. Кечир мени, балада эмне күнөө, мен баланы сактап калышым керек.
Өз үй -бүлөм, балдарым бар болуп турса дагы бул кат жан- дүйнөмдү тынчтандырды. Дароо коңгуроо кылсам телефонун өчүрүп коюптур.
Эртеси Чынарамдан кабар алууга жөнөдүм. Апам ысык тамак даярдап колума карматты. Жакшы сөз сүйлөп, анын жанында олтуруп келүүмдү айтты. Чынарама да боорум ооруйт. Ушул күнгө чейин ага бир жолу гана гүл бергеним эсимде. Кооз букет гүл алып алдым.
Ооруканага жетип келип, ал жаткан палатага баш багып, ал жерден таба албадым.
- Кечиресиз байке, бул палатадагыларды 13- палатага которуп коюшкан. Орун жетишпей жатат, деди мед айым.
- А, рахмат.
Каалганы ачар замат айымдар менен жылуу учураштым. Ошол замат маңдайдагы керебетте жаткан Марал экенин көрдүм.
- Алибек, сен мени кайдан таап алдың? Сенин келээриңди билгем, деп жылмайып мага карай басып келди. Чынарам жанындагы керебетте уктап жаткан экен...
Уландысы бар
Эльвира Мейманова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12