1- БӨЛҮМ
Үйдүн төрүндө бүкчүйүп жаткан эне, акырын гана дабышын чыгарып бирөөнү чакыргансып жатты. Күздүн келиши, бул эски тамдын жылчыктарын кайра жандандырып, жайында салкын болгону менен азыр суукту жула качып төргө киргизет. Таманы сүрүлүп, эскилиги жеткен маасычан эне улам калың төшөккө бутун тартып алып кирип коёт. Бир калыпта күрс- күрс жөтөлүшү, оор дем алышы бөлмөдөн сыртка угулаар эмес.
Жанында чыныда муздаган чай, бир- эки сындырым нан турат. Айнек идиштеги кыям куласа төгүлөөр эмес, суукка тоңуп, суюктугу да калбаптыр. Эне акырын боюн төшөктөн көтөрүп, чыныдагы муздак кара чайды алып, "кылт" этип бир жутуп алды да, кайра оор үшкүрүп төшөккө боюн таштады. Анан дем алышы жайлап, бир аз уйку аралап кетти көрүнөт. Жуурканды алкымына тартып, баягы бүрүшкөн буттары төшөктөн сыртка чыгып, эне бей капар уйкуга кетти.
Сыртынан караса чакан ак там. Ичи төрт бөлмөлүү. Бет маңдайында жаандан тосуп турчуу чатыры гана бар уй байлоочу сарай. Темир тордон тартылган тоок кепе, жанында иттин жыгачтан чакан уясы бар. Күнүгө ушул сарай тарапта тырбалаңдап оокат кылган жалгыз Жамал. Бүгүн да жамаачысы бар, өңү өчкөн белдемчисин байлай салып сарайда уй саап жүрөт. Ал ушул жаныбардын бар экенине шүгүр кылат. Ушул энем экөөбүздүн ырыскыбыз, ушул биздин көрөөр күнүбүз,- деп тообо кылып, күн сайын мойнунан кашып, саап болгон соң бир далай беде чөптөн салып тиктеп турат. Былтыр кышы менен саап, актан кем болушкан жок. Жанындагы жакын дүкөндөрдүн бирине да сүт алып барып, май, картөшкө, пиязын көтөрүп келет. Буйруса быйыл дагы ошол көрүнүш. Жамал ыкчам кыймылдап, таң таштагандан тартып, күн карайганча ушул үйдүн түйшүгүн мойнуна алып келет...
Жараткандын жайкалган бир куттуу күнүндө, бул үйдүн жарыгы алыска көрүнүп, ырыскы толуп, бактылуу өмүр сүргөн адамдар болгон. Жашоонун ченеген акыйкаты жеңип, азыр колу берекеге толгон эне, жалгызсырап калды. Ага капыстан келип, чогуу баш калкалап калган Жамалдын окуясы мындайча...
- Өмүр бою дурус көйнөккө жетпей, союз маалындагы алиги мачалке матадан тигилген, жер чийген бир эле бетке басаар үстүм бар эле. Кадырлап илип, тер жукса жууп, ошону бетиме басып жүрөөр элем. Ошентип чоңойттум балдарымды. Жокчулуктун айынан чоң атаң экөөбүз эч качан урушкан эмеспиз. Мына эми, балдар өстү, баягы мендеги күч кетти. А бирок бактылуу карылык маңдайымда бар экени кубандырат. Бирде уулумдукуна, бир күнү кызымдыкына барып, төрүндө ысык чай ичип, ушулардын амандыгын өз көзүм менен көрүп келе жатам кызым. Буларды эмнеге айтам сага. Эмики жаштар кыйын, жашаган үйүң барбы? Машинең барбы?- деп анан турмушка чыгат турбайбы. Сени акылдуу болсун деймин да кызым. Эки тарапта сезим барбы, жокпу белгисиз. Мансапка кызыгып баш кошуп алышат. Белиңер бош, оюңар жеңил. Мына, биз деле оор согуш маалында жашап, кыйынчылыктын баарын жеңип, ушул күнгө жеттик. Кайсы адам эле кыйналбай бактылуу күнгө жетсин?.. Тек сен акыл менен иш кылсаң болду балам. Жигиттин оокатына эмес, акылына кара. Адамдык сапатына кара...
- Сени чакырганым себеби, жашың жыйырма үчкө карады. Энең сага жамандык кааламак беле? Алмаз жаман бала эмес. Бышык, аябай мээнеткеч. Машинеси жок деп чанып олтурба дагы. Башында мээси болсун андан көрө эримдин деп тилеп жүр.
- Чоң эне, дагы баштадыңызбы? Ой ал Алмаз дегениңизди тааныбайм. Көрсөм сыртынан таанышым мүмкүн. Анан, ошол адамга кантип турмушка чыгам чоң эне, сиз деле ойлоп көрсөңүз...
- Укчу садага болоюн. Сен биздикине келип- кеткениңде ар дайым көрүп жүрөт экен. Чечкиндүү жакшы жигит көрүнөт. Апасына дароо айтып мага жибериптир. Мен жок дей албадым. Менин көз алдымда өскөн бала. Абдан тартиптүү. Сага жаман жигит тапмак белем кызым. Менин көзүм өтө электе, турмуш куруп бактылуу болушуңду каалаймын. Кыз неберемден жалгыз гана сенсиң. Баарынан артыкча көрөм сени кагылайын.
- Энекебай, мени кыйнабачы. Ишенчи, быйыл болбосо сөзсүз келээрки жылы күзүндө турмушка чыгам. Анан, билесиз го, жигитим бар.
- Ой, баягы милиция болуп иштегенби?
- Ооба, эсиңизден чыкпаган экен ээ?
- Кызым, ошол жигиттин тиктеши жаман капырай. Ошого турмушка чыкпай эле койчу садагаң кетейин.
- Чоң эне, бул эмне дегениңиз? Биз бир- бирибизди сүйөбүз. Анан калса, төрт жылдан бери сүйлөшөбүз.
- Ошол кара жерге кирсин! Албайт беле сүйсө? Төрт жылдан бери темселеп эмне жүрөт? Окуусун бүтүп алсын, акчасын мен төлөп калбайын деп жаткандыр?.. Же эмне, дагы башка себептери барбы?
- Эне, кантесиз? Жамал кыткылыктап күлүп, чоң энесинин мойнуна асылды.
- Кудум эле Кудайбергенде кегиңиз бардай албууттанып, ачууландыңыз го?!
- Ишенчи эне, ал абдан жакшы инсан. Мына көрөсүз. Күйөө балаңыз болгондо, сиз аны кандай адам экенин жакындан билип, абдан жакшы көрүп каласыз...мени айтты дейсиз.
- Ошондой эле болсо кана... Сени бактылуу болсун деймин да. Ошентсе да, Алмаз менен бир таанышып сүйлөшүп көрчү.
- Чоң эне, мүмкүн эмес дебедимби. Анда эмесе жакшы туруңуз. Мени ушул үчүн чакырган белеңиз?.. Энекем менин. А мен сизди ырас эле сагынып жаткан элем. Жамал чоң энесинин бетинен алмак- салмак өөп, шашылып жөнөдү...
Шаабайы сууган эне, небересинин баары бир көнбөй турганын билсе да, айтып көрүүнү чечкен. Бүгүн түңүлдү көрүнөт. Өзүнчө оор үшкүрүнүп алды. Жамал сыртка чыгаар замат, чоң жолдон машина тосо баштады. Эскилиги жетип, ар жери оюлган жол, чаңы сапырылып буруксуйт. Машина токтоор эмес, бир далай турган соң, боз топурактан суурулуп чыгып ак түстөгү жеңил машина келип токтоду.
- Олтуруңуз чоң кыз. Шаардын өзүнө барасызбы? Мен базарга бара жатам. Таштап өтөм. Алгач Жамал калдырак жигули маркасындагы машинаны сыртынан айланта тиктеп, мурдун чүйрүп алды да, аргасыз арткы эшигин ачып олтурду. Эшигин кайра- кайра ургулап араң жапты. "Ой тобоо"- деди ичинен. "Эптеп эле оокат болсо болду экен да, машинасын да дурустап оңдотуп албаптыр"- деп ичинен ачууланып алды.
Жигит маңдайындагы күзгүдөн кызды бир карап алды да, айдап жөнөдү.
Жамал машинанын ичиндеги салынган төшөккө араң гана олтуруп бараткандай, кабагын чытып алган, бир маалда артына салынган малдын тыбырап маараганын угуп, ого бетер жийиркенди. Колун мурдуна басып, койдун жыты келип жаткандай туюлду.
- Атыңыз Жамал эмеспи?- деди жигит бир маалда.
- Ооба Жамал, сиз мени кайдан тааныйсыз?
- А мен сизди кичинеңизден бери билем. Эркин эненин кошунасы болом. Сиз чоң энеңиздин үйүнө бала кезде көп келчүсүз. Мага баам салбагансыз го, ошондуктан тааныбайсыз.
- Ошондойбу? Атыңыз ким?..
- Атым Алмаз, Шералынын уулумун. Чоң атаңыз Кашкар аба ыраматылык, менин ата- энем менен чогуу жайлоого чыгып, мени мойнуна көтрүп чоңойткон экен. Атам али күнгө чейин ал кишини мактап, жерге- сууга койбойт. Ошондой...
Жамалдын кабагы андан бетер бүркөлдү. "Кыйратыптырсыз"- деди адатынча ичинен. Чоң энем айтып жаткан жигит ушул го. Бул эптеп жаман машинасын оңдоп албайт да, кыйратып бүлөө курмак беле? Эски тааныштай сүйлөшкөнүн көрсөң. Фу-у, малдын жыты буруксуйт. Ушул айылдыктардын жашоосучу, тимеле жаныңа батат да. Таза болушса болбойбу менин энемдей. Ырсайып күлгөнүн көр. Жолуккан эле кишиге ата- тегин айтып киргени эмнеси? Жигит деген токтоо болсо болбойбу? Батыраак түшүп кетишим керек! Жамал адатынча ичинен сүйлөнүп жатты.
- Эмнеге үн катпай калдыңыз? Же мени мурун көрүп жүргөн бекенсиз, эсиңизге түшүп кеттиби дейминда.
- Эмне демек элем? Сизди эч бир жерден көргөн эмесмин. Токтотуп коюңуз, мен түшүп калайын.
- Эмне, жетип калдыңызбы? Эми гана айылдан чыктык го?
- Ооба жеттик, токтотуп коюңуз! Жамал бултуң этип машинадан түшүп, дагы эшигин кайра- кайра карсылдатып араң жапты. Кетер соңунда жигитке шоопурдун жанындагы олтургуч тараптагы жарты ачылган айнектеп ийилип тиктеп сүйлөдү.
- Жакшы эркек, темир тулпарын жакшылап оңдоп алат. Ичине кызды салаарда тазабы карап анан салат. Рахмат сизге, жакшы барыңыз...
- Кечиресиз карындашым, машина досумдуку эле, мен жеткирип бергени баратам. Кана эми, менин ушундай калдырак машинем болсо, чыкыйтып оңдоп алып, анан салмакмын кыздарды...
Кыз ого бетер ачууланды. Үн каткан жок, башка машина тоскону басып кетти.
Бир байкуш тура, калдырак машина да мунуку эмес экен. Чоң энем ошондуктан, оокатына кызыкпа деп жаткан экен да. Азыр заман башка экенин билбес бекен чоң энем.
Жигит саамга тиктеп турду да, кыз кайрылып келип олтурбасын билди. Машинасын айдап жөнөй берди...
Биринчи бөлүмдүн соңу, уландысы бар.
Ав: Эльвира Мейманова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 30