-6-
Маралга жетип барган соң дароо бул тууралуу сүйлөшүүнү туура көрдүм.
- Марал, сен Чынар менен ачык сүйлөшкөн белең, ага баарын сен айттыңбы?
- Жок, эмне болду? Өзү айттыбы?
- Сени айтты деген жок, бирок биз тууралуу баарын билет экен. Нике тууралуу дагы. Ким айтышы мүмкүн?
- Эмнеге дароо мен?
- Ошондо ооруканада ачууң келип калбадың беле, сүйлөшөм деп?..
- Ооба ошенткенмин, бирок оозум барган жок. Анан калса, аялың согуш жарыялап, дароо эле сага айтмак да, унчукпай калмак беле?
- Чынар андай адам эмес. Анын эч качан ачууланып кыйкырганын көргөн эмесмин. Сен анын жүзүнө айтсаң деле ал сага каршы эч нерсе жасамак эмес. Ишен...
- Сен эмне деп турасың? Ал эле, бул эле ачууланбайт эле деп. Аялың кандай эле?- деп сурап жатамынбы?
- Ошондой дечи? Ооба, мен айтканмын! Мен! Кайра мага жылмайып күлүп ачуума тийди. "Бала ашыкча болуп жатса мага алып келип бер, балдарыма кошуп багып алам. Бирок, Алибекти сага бере албайм"- деп жыбылжып сүйлөп акылдуусынат тимеле. Ошондо курсактагы баламды ойлоп араң калдым, уруша кетип боюмдан түшүп калса эмне болмок? Ал тим турмак беле? Доктурдан суранып олтуруп башка палатага которулдум.
-Билесиңби дагы эмне кылганын?
- Эмне кылды?
- Сумкама кат жазып салып коюптур. Катта телефон номуру жазылган. Дагы, "жаңылык болсо чалып тур"- деген жазуу бар. Жаңылык элеби, мына сага жаңылык деп нике тууралуу жазып ийдим. Кыжырымды келтирди. Ошондон көрө ооруканада жаагыма бир салып, чачымды жулганда азыр мынчалык ызааланбай тынч олтурмакмын. Өзүнчө акылдуусынат. Менин сабырымды сынап көрүп жатат го ээ? Ушундай жезкемпир менен кантип ушунча жыл жашап жүрдүң эле?
- Болду эми, болдучу, ачууланбачы. Сага ачууланганга болбойт да. Мен алдыңда турам го, сени тандадым сени алтыным...
- Ай билбейм. Желмогуздай куу экен айтор. Анын ордунда мен болгондо ооруканада экениме карабай бетин жулуп, тытыша кетмекмин, ким билет.
Адам балсындагы эңсөө, ашыгуу деген эң жаман сапат экен деп ойлоп калдым. Эңсөөң канбаса, ашыгыңа жетпесең жаның жай албас. Мен дагы ички туюмумду угуп, жашоомду таптакыр башка нукка өзгөрттүм. Ортодо балдарыма кыйын экенин сезип, билип турсам да ушул жолго түштүм. Мен үчүн эңсөөм жогору болуп туруп алды. Эми артка жол жок сыяктуу. "Аял заты айнек сымал болот. Сен андан өзүңдүн кандай экениңди көрө аласың. Сага карап аял өзгөрөт. Бирок, колуңдан түшүп кетип сынып калчу болсо, кайра бүтөп жыйнап алуу өтө кыйын",- деп айтат атам. Чынара менден көңүлү эчак эле калгандай, ал менин жашыруун курган жашоомду билсе дагы ажырашууну сунуштаган жок. Ал балдарыбыз үчүн чыдап жүрө берем деп ойлогон чыгар. Аял заты ушундай экен. Мен тескерисинче анын ордунда болгонумда эмне кылмакмын деп ойлоном.
Мен дүкөндү саттым. Маралдын үйүн дагы сатыкка койдук. Экөөнүн акчасын кошуп кененирээк үй алсак деп ойлоп жатабыз.
Балдарымды мурдагыдай эле мектептен, бакчадан тосуп алып жаттым. Алардын менин үйдөн кеткенимди азырынча билбесин кааладым. Балким ушундай жакшы чыгар. Убагы келип түшүнүшөр деп ойлойм.
Ушундай күндөрдүн биринде айылдан кабар келди. Атам катуу ооруп бир айдан бери төшөктө экен. Укканда жанымды жерге коё албай учуп жөнөдүм.
- Маралка, тез жыйнал, биз айылга барабыз. Атам ооруп жатыптыр. Буга чейин мага эмнеге айтышпаган деймин да? Балким өтүп кеттиби? Кудай сактасын, тездетчи!
- Али мен ушул сегиз айлык курсагым менен кантип алыс жол жүрмөкмүн? Азыр мага керек болсо көп басууга болбойт экен. Анан калса, сенин үй бүлөң мени кабыл алган жок, өзүң жакшы билесиң. Бирөө эле тескери көзү менен карап койсо, заманам курулуп ыйлайм да. Мага ошонун эмне кереги бар? Жакшысы мен үйдө эле калайын . Сен өзүң барып кел, менин абалымды түшүндүрүп айтасың да. Атаң жакшы, эч ойлонбо.
- Билбедим жаным, жүрөгүм бир башкача болуп турат.
- Тиги немең дагы барабы?
- Ким?..
- Чынараң?
- Кайдан билейин? Балким эмдигиче барып кайткандыр.
- Болду, мен кеттим. Сен коркпойсуңбу жалгыз?
- Мен канча жыл жалгыз жашадым Али. Менден кабатыр алба. Үйдү бекитип олтурам. Бейчеки сыртка чыкпайм.
- Анда жакшы тур.
Уландысы бар
Эльвира Мейманова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11